Кантта Кыргызстан менен Россиянын жаш футболчулары беттешет

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы (15 жашка чейинкилер) Кант шаарында жолдоштук беттешүү өткөрөт. Бул туурасында Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Оюн "Борбордук" стадионунда 7инчи жана 10-май күндөрү өтөт. Күйөрмандар жаш спортчулардын беттешин бекер кирип көрө алышат.
Дагы бир россиялык футболчу Кыргызстандын жарандыгын алды