БИШКЕК, 6-май — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин администрациясы Тайванга 500 миллион долларлык курал-жарак жеткирүүнү пландап жатат. Бул туурасында Bloomberg басылмасы маалымат булактарына таянып жазганын РИА Новости билдирди.
Анда Украинага карата колдонулган өзгөчө ыйгарым укуктар пайдаланылары айтылган. Мындай укук АКШга келишимдерди түзүү жана курал өндүрүү процесстерин созуктурбай ыкчам тартипте кароого жол ачары белгиленген.
Агенттиктин маалыматы боюнча, конгресс президентке "демократия аралчасын" колдоо үчүн АКШнын запасынан бир миллиард долларга чейин колдонууга уруксат берген.
Тайвандын айланасындагы кырдаал былтыр августтун башында АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайбэйге жасаган иш сапарынан кийин курчуп кеткен. Аралды өзүнүн провинциясынын бири деп эсептеген Кытай бул сапарды айыптап, АКШнын Тайвандагы сепаратизмге колдоо көрсөтүүсү катары кабылдап масштабдуу аскердик машыгууларды өткөргөн. Ноябрдын ортосунда Кытай лидери Си Цзиньпин Индонезиядагы G20 жыйынында АКШ президенти Байденге жолугуп, Тайвань кытай-америка мамилесиндеги "кызыл чек" экенин эскертип, андан өтпөөгө чакырган. Байден өз кезегинде Вашингтондун "бирдиктүү Кытай" принцибин колдой турганын ырастаган болчу.
Пекин Тайвандын өз алдынчалыгын тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп дүйнөнү "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактайт, антсе да арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.