Владимир Путин 8-майда Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 8-май күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Келерки жуманын башталышына даярдык көрүп жатабыз. 8-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапары менен келе турганын айтканбыз. Россия-кыргыз сүйлөшүүлөрү жүрөт. Андан соң, 9-майда, парад болот", — деди Песков журналисттерге.
Буга чейин Садыр Жапаров Жеңиш парадында ардактуу конок болору айтылып, эмне маселелер талкууланары кабарланган.
Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу да сүйлөштү. Эмне кеп болду