Согуш маалында көчүрүлгөн элди жайгаштырган Казы Дыйканбаев. Сүрөт түрмөк

Быйыл белгилүү мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаевдин 110 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Казы Дыйканбаев 1913-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Үч жашка чыкканда ата-энеси башка жердештери сыяктуу Кытайга качып, беш жашында жакындары менен мекенге кайтып келе жаткан жолдо атасы Дыйканбай Кочкорбаев оорудан кайтыш болот.
Жыйырманчы жылдардын башында айылда мектеп ачылып, он жаштагы Казы ал жактан сабак алат. Кийин Караколдогу кыргыз-орус мектебинде, Фрунзедеги атайын курста билим алып, Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунун студенти болгон. Ал жактан коммунисттик отрядга кошулуп, атчан чалгындоочулардын катарында болгон. 1932-жылы Ташкенттеги Орто Азия план-экономикалык институтунда окуп, ал жактан өзүнүн жөндөмүн көргөзө алган студент Кыргыз ССРинин Пландоо комиссиясына жумушка чакыртылып, жаш жигит эл чарбасын өнүктүрүүнүн планын түзүүгө жигердүү катышкан. Кийин ошол эле мекемеде экономист болуп эмгектенип, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өтүп, 27 жашында Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары ага республикага көчүрүлүп келген ишкана, завод, адамдарды жайгаштыруу милдети жүктөлгөн.
Ал эми 1944-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде стажировкадан өтүп, Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри болуп дайындалган. Ал жылы ага биринчилерден болуп СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылып, министр болуп тогуз жыл эмгектенген. Ошол эле маалда өкмөт башчысынын орун басары кызматын аркалаган.
Кийинки жылдары Фрунзе обкомунун биринчи катчысы, Кыргызстан компартиясынын өнөр жай, транспорт, курулуш боюнча катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Министрлер кеңешинин төрагасы болгон. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 2010-жылы 16-февралда 97 жашында каза болгон.
Тема боюнча:
90 жашка чыкмак. Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин сүрөттөрү
Манаска байланган өмүр. Жусуп Мамайдын жашоосунун урунттуу учурлары
1 / 13

Атасынан эрте ажыраган жигит билимге умтулуп, Каракол, Фрунзе, Ашхабад, Ташкент шаарларында билим алган

2 / 13

Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунун студенттери: Өмүралиев, Сейдуллаев жана Казы Дыйканбаев. 1931-жыл.

3 / 13

Мамлекеттик кызматта ийгиликтүү иштеген Дыйканбаев 27 жашында Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болгон

4 / 13

Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри балдары Марта, Людмила жана Асакул менен. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

5 / 13

Мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаев (биринчи катарда бешинчи турат) Москвада эл өкүлдөрү менен. Москва шаары, 1946-жыл.

6 / 13

Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары кызы Марта экөө

7 / 13

Дыйканбаев Кыргыз ССРинин Жогорку Совети менен Министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Сүрөттө ал кесиптештери менен.

8 / 13

Лента кескен Дыйканбаев. Ал согуш жылдары СССРден эвакуацияланган бир топ ишкана жана көчүрүлүп келгендер менен иш алып барган.

9 / 13

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы сүлүктүлүк шахтёрлор менен. 1958-жыл.

10 / 13

Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы "Кара-Сай" заставасынын чек арачылары менен жолугушууда. Дыйканбаев так ортодо отурат. Ысык-Көл облусу, 1959-жыл.

11 / 13

1961-жылы Дыйканбаев жүйөсүз себептер менен кызматтан алынган. Сүрөттө Дыйканбаев.

12 / 13

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаарындагы Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы. 1958-жыл.

13 / 13

Оңдон биринчи турган Казы Дыйканбаев. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 2010-жылы 97 жашында көз жумган. Азыр анын ысымын ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академия алып жүрөт.