Экономист үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөөнүн жолун түшүндүрдү

Адистин айтымында, жубайлар адегенде кирешеси менен чыгымдарын эсептеп чыгышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Россиялык экономист Игорь Костиков жашоо сапатын төмөндөтпөй туруп үй-бүлөлүк бюджеттин чыгашасын кантип азайтса болорун Sputnik радиосуна айтып берди.
Адистин айтымында, көп адамдар кирешеси менен чыгашасын эсептешпейт. Мындайда адамга каражатты үнөмдөө кыйынга турат.
"Үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөө аны пландоодон башталат. Жубайлар каражатты кандай жумшоону пландабагандыгынан улам анын жетишсиздиги жаралат. Чынында үй-бүлөлүк бюджетти пландоо оңой эле, ал үчүн жубайлар таба турган кирешесин жана алдыдагы чыгашасын эсептеши керек. Киреше-чыгаша планын апта сайын түзүп турган оң", — деп түшүндүрдү Костиков.
Экономисттин айтымында, киреше-чыгашанын суммасын эсептеп чыккан соң андагы чыгымдалчу нерселерди эки катмарга бөлөсүз.
"Сиз чыгымды милдеттүү жана милдеттүү эмес деп экиге бөлөсүз. Биринчи бөлүккө турак жай үчүн төлөм, коммуналдык кызматтардын төлөмү, баланын окуусуна төлөнчү каражат, дары-дармек, тамак-ашка кетчү акча кирет. Калганынын баары милдеттүү эмес чыгымдар. Сиз үчүн биринчи орунда турган чыгымдар кайсылар экендигин, ал эми экинчиге кайсылар кирерин аныктап алгандан кийин чыгымдарыңызды азайта аласыз, бул сиздин жашооңуздун сапатын төмөндөтүп жибербейт", — деп кошумчалады экономист.
Улуттук банктын адиси акчаны кантип үнөмдөө керектигин айтып берди