Жумага карата аба ырайы

5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 5-май, жумада, республика боюнча күн ачык болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +8...+13, Нарында +7...+12 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +18...+20 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +24...+26 градуска жетери болжолдонду.
Радио
Борбор калаада ыштан арылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?