Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы кармалды

Фонд эки жыл мурун түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Темирбек Эркинов кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булактар билдирди.
Азырынча кенен маалымат жок. Фонд 2021-жылы түзүлүп, Эркинов ошондон бери иштеп келген. Фонд Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылоо максатында ачылган.
Эркинов эмгек жолун парламенттен катардагы кызматкерден баштаган, андан кийин Соода-өнөр жай палатасында иштеп, бизнес жана коомдук иштер менен алектенген. 2014-жылы Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон.
Транспорт министри Баткенде жол курууда кымырылган 40,8 млн. сом боюнча үн катты