Туризм фондунун жетекчиси: УКМК паспортумду алып коюп 86 жолугушуум четке кагылды

Калашникова жарандык маселеси мыйзамга каршы келбей турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова УКМК кызматкерлери паспортун алып койгондуктан инвесторлор менен жолугуша албай жатканын айтты.
Учурда парламент туристтик сезонго даярдык боюнча мамлекеттик органдардын маалыматын угуп жатат. Анда УКМК төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков фондго Rest Point куруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголгонун, жетекчисинин кош жарандуулугу аныкталганын айткан.
Ал эми Калашникова жарандык маселеси мыйзамга каршы келбей турганын билдирди.
"Мен туулгандан бери эле Россиянын жаранымын. Мындан 30 жыл мурун турмушка чыкканда Кыргызстанга көчүп келгем. Менде Россиянын жарандыгы сакталып калган. Ал эми Кыргызстандын паспортун быйыл январда алгам, бул мыйзамга каршы келбейт. Мен азыр эмненин негизинде паспортторумду алып кетишкенин түшүнбөй жатам. Меники эле эмес, жолдошумдун, апамдын, менин камкордугумдагы майып эжемдин дагы паспортун алышкан. Мунун айынан ага дары ала албай жатабыз", — деди Калашникова.
Ал эми өзү паспорту жоктугунан ишмердүүлүгү боюнча 86 жолугушууну четке кагууга аргасыз болгонун айтууда.
"Араб Эмирликтеринде учурда көргөзмө өтүп жатат, бүгүн Кореяда чоң инвестициялык форум башталды, менде жалпысынан 86 жолугушуу белгиленген болчу. Baуtik Mountain Resort тоо-лыжа курорту боюнча потенциалдуу инвестор менен жолукмакмын. Мунун баарын четке кагууга аргасыз болуп жатам. Чыгымдар тууралуу айтпай эле коёюн, анткени авиабилеттер алынып, мейманканалар брондолуп калган. Ал кайтарууга жатпайт", — деди Калашникова.
Ал эми УКМК төрагасынын орун басары козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалган аракеттердин баары мыйзамдуу экенин айтты.
Белгилей кетсек, былтыр мартта Туризмди колдоо фонду түзүлүп, бюджеттен уставдык капиталына 1 миллиард сом берилген.
300 тонна битум жок. Прокуратура "Кыргыз автожолдун" кызматкерлерине иш козгоду