БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Терактылардын артында тургандарга азыр жаңы тапшырмалар коюлду. Бул тууралуу Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Альбир Крганов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди.
Ал соңку 10 жылдыкта ислам бейпил жашоонун душманындай эле көрсөтүлүп, согуштун, каргашанын жана азап чегүүнүн дини катары таңууланып жатканын айтты. Крганов исламдын багыттары эч качан мындай нерселер менен коошпой турганын белгиледи.
Муфтий дүйнөдөгү жардыруу жана адам өлүмдөрү боюнча күнөөнү мусулмандардын мойнуна илип койгон учурлар токтотулганын эске салды.
"Азыр баары "эмне болду?" деп сурап жатышат. Эмне болду дейсиз, ири суммадагы акчага терактыларды жасаган бардык адистер, жалдангандар бүгүнкү күндө башка багыттагы тапшырмалар менен алектенип жатышат", — деди муфтий.
Ошондой эле ал глобалдык бизнес ири геосаясий кызыкчылыктар жана экономикалык маселелерди чечүү үчүн адамдардын диний ишениминен пайдаланып жардырууларды жана башка акцияларды уюштурганын билдирди.
"Албетте, бул үчүн олуттуу уюмдар, адистер жана көп акча талап кылынат эмеспи. Арийне, мындай иштер менен мусулмандык уюмдар эмес, атайын даярдалган адамдар алектенген. Кудайга шүгүр, дүйнө эли исламдын ага тиешеси жок экенин түшүнөт", — деди Крганов.