БИШКЕК, 4-май — Sputnik. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, бир катар товар жана кызматтарды тендери жок алуу сунушталды.
Мындай демилгени министрлер кабинети көтөрүп, парламентте биринчи окуудан өттү. Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров мыйзам долбоору жумуштарды ыкчам бүткөрүү жана сапатын жакшыртуу максатында иштелип чыкканын билдирди.
Тендерсиз түз сатып алына турган нормалар:
айыл өкмөттөрдүн босоголук суммасын 50 миңден 200 миң сомго чейин көтөрүү;
эки жолу тендер өтпөй калса түз сатып алууга жол ачылат;
мектептерге окуу куралдарын, окуучуларга ысык тамак сатып алууда;
эл аралык өзгөчө жардамдардын алкагында иш-чараларды же чет мамлекетке гуманитардык жардамдарды жөнөтүү, мобилизациялык даярдык боюнча иштерди жүргүзүү боюнча сатып алууларда;
мамлекеттик музей, китепкана, архив жана башка ушул сыяктуу фонддорду толуктоого арналган маданий баалуулуктарды, архивдик документтерди алууда;
майыптар үчүн атайын товарларды жана Брайль арибинде терилген окуу куралдарын сатып алууда;
спорттук улуттук курама командаларга иш-чараларга катышуусу үчүн зарыл болгон спорттук шаймандарды, ушул сыяктуу допингге каршы чараларды камсыз кылуу максатында кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
билим берүү жана маданият чөйрөсүндө чыгармачылык адамдардын кызматтарын колдонууда.
Календеров түз келишимдер дагы Мамлекеттик сатып алуулар порталына ачык жарыялана турганын белгиледи.