Сагыныч сезилип турат. Архив кызматы "Согуш каттары" көргөзмөсүн жаңылады

Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата Архив кызматы "Согуштан келген каттар" көргөзмөсүн жаңыртты. Бул туурасында Санарип министрлигинен билдиришти.
Экспозицияга Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын КРдин мамлекеттик архиви менен Коомдук-саясий документтер боюнча мамлекеттик башкы архивинен алынган материалдар коюлган.
Саргайган бул каттардагы сагыныч катылган сезимдерди мезгил өзү да өчүрө алган эмес. Фронттон жөнөтүлгөн каттар жоокерлердин турмушун, мекенчилдигин, эмоцияларын жана жакындарына, ата-энесине, киндик каны тамган жерине болгон сагынычын көрсөтүп турат.
Ресурс 2015-жылы түзүлүп, былтыр экспозицияны согуштук 44 кат толуктаган.
Виртуалдуу көргөзмө менен letters.archive.kg. сайтынан таанышууга болот.
"11 күн бою жалаң кызыл чокто болдум". Фронттон келген каттарды барактап