Пресс-борбор

Россиянын муфтийи: кыргызстандыктар Москвадагы медреседе кыргыз тилинде окушат

Крганов китептерди Россияда таратуу үчүн орус тилине которуу зарылчылыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Москвага барган 700дөн ашуун кыргызстандык бир медреседе окуйт. Бул тууралуу Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Альбир Крганов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди.
"Москвада биздин резиденциянын алдында Зайнулла эшен Расулев атындагы медресе ачылды. Сентябрда окуу программалары расмий түрдө башталат, учурда даярдоо курстары жана тарбиялык иштери жүрүп жатат. Кыргызстандан барган 700дөн ашуун адам, анын ичинде студенттер дем алыш күндөрү келип турушат. Алар Кыргызстандын муфтияты тарабынан бекитилген китептер боюнча кыргыз тилинде билим алышат. Ошондой эле биздеги адабияттар дагы колдонулат", — деди Крганов.
Муфтийдин айтымында, россиялык аалымдардын китептери кыргыз тилине которулса жакшы болмок. Аны менен катар эле Кыргызстанда колдонулган китептерди Россияда таратуу үчүн орус тилине которуу зарылчылыгын белгиледи.
Чүмкөнүп алган, көзү эле көрүнөт. Депутат паранжага тыюу салууну сунуштады