БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата автожүрүш өтүүдө.
Акциянын катышуучулары Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, Бишкек — Кант — Токмок — Кемин — Боролдой айылы багыты боюнча жолго чыгышты.
Колоннада раритеттик автоунаалар бар.
Автожүрүш — Жеңиш күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү иш-чара.