Министрлик: Россияга балык экспорттоодогу мүчүлүштүктөр боюнча иштеп жатабыз

Балык чарба департаментинин жетекчиси Эдил Ниязов Кыргызстанда 2020-жылы беш тонна балык өндүрүлүп, анын жарымы гана экспорттолсо, 2022-жылы 21 тонна продукция өндүрүлгөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстандан Россияга балык экспортун жандандыруу боюнча кандай иштер жүрүп жатат жана Россельхознадзор ата мекендик продукцияга эмне үчүн доомат койгон? Бул суроолорго Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде жооп берди.
Эске салсак, Россельхознадзор 28-апрелден тарта Кыргызстандын "Аква Пром" жана "Тянь-Шань-Фиш" ишканаларынан Россияга балык жөнөтүүгө коюлган убактылуу чектөөлөрдү алган.
"Икраны чыгарган компаниялардын бири таңгактоо технологиясын бузган, мындан улам азыктын ичине аба кирип, температура өзгөргөндө листерия (бактерия) пайда болгон. Башка ишкананын балыгынан антибиотиктер табылган. Иликтөөдө ишкана балыкты башка жактан сатып алганы, өзү өстүрбөгөнү аныкталган. Биз мунун бардыгын россиялык инспекцияга эч нерсе жашырбастан көрсөттүк", — деди Жусупов.
Анын айтымында, Россельхознадзордун өкүлдөрү Кыргызстанда да осетр балыгын өндүрүү өсүп жаткандыгына ынанган.
"Бирок балыктын бул түрү Кыргызстанда өндүрүлгөн балык азыктарынын расмий реестрине кирбегендиктен Россия анын келип чыгышынан күмөн санаган. Мен Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушууда бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкууладым", — деп түшүндүрдү Ашырбай Жусупов.
Балык чарба департаментинин жетекчиси Эдил Ниязов Кыргызстанда 2020-жылы беш тонна балык өндүрүлүп, анын жарымы гана экспорттолсо, 2022-жылы 21 тонна продукция өндүрүлгөнүн айткан.
"Россельхознадзордун өкүлдөрү Кыргызстандын балык чарбаларына мурда келген эмес. Алар суунун көлөмү жана өлкөнүн потенциалына таң калышты. Бирок ишканалар ЕАЭБде балык продуктыларына талап кылынган техникалык регламенттерди жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча талаптарды сакташы керек. Бизде бул тармакта ихтиолог, технолог, кайра иштетүүчү адистер жетишпейт", — деди Ниязов.
Ал Россельхознадзор Кыргызстандын балык чарба тармагына кол кабыш кылып, КРдин Ветеринардык кызматын колдоп жатканын, ошол эле учурда ата мекендик балык чарбалары кетирген каталарды оңдоо үстүндө иштеп жатканын кошумчалаган.
Россияга балык экспорттогон алты ишкананын лицензиясы алынды