БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Европа суу ресурстарына ээлик кылуудагы курч атаандаштык менен кургакчылыктан жабыр тарта турганын Politico жазды.
"Миллиондогон каталондукту тейлеген негизги резервуарлар бошоп баратат. Суу талаш Францияда кагылышууларды шарттады, бир катар айылдар тургундарын суу менен камсыз кыла албай калышты. Ал эми Италиядагы эң чоң дарыянын деңгээли былтыркы жылдын жай айларындагыдай көрсөткүчтө. Сууга ээлик кылуу жана кимдер үчүн жеткиликтүү болору тууралуу чечим бүтүндөй континентте орчундуу саясий маселеге айланып бара жатат", — деп жазган басылма.
Макалада спутниктен алынган маалыматтар пайдаланылган "TU Graz" иликтөөсү келтирилген. Анда Европа кургакчылыктан 2018-жылдан бери жабыр тартып келери айтылды.
"Температуранын жогорулашы суунун көлөмүн калыбына келтирүүнү оорлотуп жатат, мындан улам континент кооптуу учурга кептелүүдө", — деп айтылат материалда.
Басылмага маек курган эксперттердин айтымында, бул айлампадан чыгуу үчүн Европада он жыл тынбай жаан-чачын жаашы керек. Бирок Германиянын Метеорология кызматынын божомолу боюнча, бул мезгил аралыгында жаан-чачындын көлөмү азая бермекчи.
Басылма суу ресурсунун барган сайын кыскарышы азыртан эле саясий жаңжалдарды шарттап жатканын жазды. Авторлор бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилешкен.
"Германиянын түштүгүндө акыркы эки он жылдыкта суудан улам жаралган соттук териштирүүлөр эки эсеге көбөйдү. Францияда өткөн айда суу сактагычтардын курулушуна байланыштуу экологдор менен фермерлердин ортосунда чоң чыр чыкты", — деп айтылат макалада.
Эскерте кетсек, былтыр жай мезгилинде Европа аномалдуу ысыктан жабыр тартты. Бул Рейн, Дунай, Темза сыяктуу ири дарыяларда суунун тартылышына кептеп, Португалия, Словения, Чехия, Албания, Испания жана Францияда токойлор өрттөнгөн. Мындан айыл чарбасы бир топ зыян тартты, көп өлкөдө фермерлер түшүмдөн кол жууганын айтышкан.