БАЭ, Мальдив, Бахрейн, Ливан. Кыргызстан 4 өлкө менен визасыз режим киргизет

ТИМ башчысы европалык мамлекеттер менен да макулдашуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш төрт өлкө менен визалык талаптарды жоюу боюнча келишимди үч окуудан колдоп берди.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, макулдашууга ылайык, Мальдив Республикасына Кыргызстандын бардык жарандары визасыз бара алат. Бирок 30 күндүк мөөнөт коюлган.
Ал эми Бириккен Араб Эмирлигине дипломатиялык паспорт менен 90 күнгө барууну каалагандарга виза талап кылынбайт.
Бахрейнге жана Ливанга дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан 90 күнгө бошотуу каралган.
"Биз бул мамлекеттерге бардык жарандар үчүн визасыз режимди сунуштаганбыз. Алар алгач пробация кылып дипломатиялык, кызматтык паспортторду өткөрөлү, көйгөй жаралбаса карап көрөбүз деп жатышат. Ушул сыяктуу иштер европалык мамлекеттер менен да жүргүзүлүп жатат", — деди Кулубаев.
Белгилей кетсек, келишим эки тараптуу болот, башкача айтканда, аталган өлкөлөрдүн жарандары да Кыргызстанга ушундай шартта келе алышат.
Парламенттен кийин ратификацияга президент да кол коюшу керек.
Кыргызстан менен Кытай визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүп жатат