Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кечирим сурайм. Крым терактылары боюнча Болгария жараны кармалган видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Крымда украиналык террорчуларга жардыргычтарды жеткирип берген болгариялык Петрановдун кармалган видеосун Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы таратты.
Аны кармап алып кетип жатканда кечирим сураганын видеодон көрүүгө болот.
Бул окуя жиптин учугун Виктор Подвальный аттуу адамга алып барат.
Украиналык террорчулар бомба Болгариядан Түркия жана Грузия аркылуу жеткенин, аны электроплиталарга катып көрсөтпөй алып келишкенин айтышкан.
Мурдараак Крымдагы терактылар боюнча кармалган Подвальныйдын сурак берип жаткан учуру да тараган.
Суракта аны Владимир Зеленскийдин кеңсесинин орун басар жетекчиси, Украинанын Чалгын боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановдун досу Роман Машовец 2022-жылы Польшанын Краков шаарында азгыргандыгын айтып берген.
Бул окуя жиптин учугун Виктор Подвальный аттуу адамга алып барат.
Эске салсак, ФСБ 3-майда Крымдын башчысы Сергей Аксеновго, парламент спикери Владимир Константиновго, Ялтанын мэри Янина Павленкого карата пландалган терактыларды алдын алышканын билдирген. Андан сырткары, бутага жарым аралдын транспорттук инфраструктуралары да алынган.
Путин: Крым көпүрөсүндөгү жардырууну Украинанын атайын кызматы уюштурган