Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Крым терактылары боюнча кармалган Подвальныйдын видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Польшада азгырылган Украинанын атайын кызматынын агенттеринин бири кармалгандагы алгачкы кадрларды Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы таратты.
Видеодон күч түзүмдөрү кишини кармап, аты-жөнүн сурап жатканын көрүүгө болот. Тыңдай келгенде, 1967-жылы туулган Виктор Подвальный аттуу адам экенин айтып жатат. Ал Крымдагы терактыларды даярдоо камын көргөн. Подвальныйды Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчисинин орун басары Роман Машовец 2022-жылы июнда Польшанын Краков шаарында азгырган, тагыраагы, Украинанын атайын кызматынын торуна түшкөн. Анын айтымына караганда, Машовец — Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановдун досу, согуш тыңчылыгы боюнча кызматкер.
Биринчи ирет мартта чалып, байланышкан. Кийин чет жакка чыгуусун айткан. Подвальный Краковго баргандан кийин азгырылган да, Сократ деген жашыруун ысым алган. Ал суракта эки уулу тең Украинада мобилизациядан баш тарткандыктан Украинанын атайын кызматы менен иштешүүгө барганын билдирген.
Подвальный Украинадан Крымдын башчысы Сергей Аксеновдун, парламент спикери Владимир Константиновдун жана Ялтанын мэри Янина Павленконун артынан аңдууга тапшырма алгандыгын айтып берген. Бул кийин "алардын көзүн тазалай турган операцияга" алдын ала маалыматтарды чогултуу милдеттенмеси болгон.
Эске салсак, ФСБ 3-майда Крымдын башчысы Сергей Аксеновго, парламент спикери Владимир Константиновго, Ялтанын мэри Янина Павленкого карата пландалган терактылардын алдын алышканын билдирген. Андан сырткары, бутага жарым аралдын транспорттук инфраструктуралары да алынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи Антонов: Россия Крымга жасалган чабуулду жоопсуз калтырбайт