Айыл өкмөттөрү бардык нерселерди тендер аркылуу алат. Аз акча талап кылган иштерге тендер уюштурсак, компаниялар катышпай да коюшат. Бул тууралуу Бактыбек Абдырасулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тендер аркылуу иш жүргүзүүдө айылдагы айрым социалдык зарыл маселелерди чечүү кечеңдеп, абал оорлошуп кеткен учурлар болот.
"Айыл өкмөттөрүнө эркиндик берилген эмес десек туура болбой калат, бирок ошол берилген өз алдынчалуулукту колдонуу мүмкүнчүлүктөрү чектелип калды. Мисалы, биз жерлерибизди аукционго коюп андан түшкөн кирешени жергиликтүү казынабызга салсак болот. Иш жүзүнө келгенде бул жаатта чечимди райондук администрациялар кабыл алып калды, биз жөн гана сунуш бере алабыз. Ошондой эле айыл өкмөттөрү коммерциялык иштерди аткара албайт. Мисалы, өндүрүштүк ишканаларды биз өзүбүз ача албайбыз. Айыл өкмөттөрүнө 25 милдеттеме тагылганы менен аны чечүү жолдору каралган эмес. Ошондуктан биз жергиликтүү калктын социалдык маселелерин чечүүдө, инфраструктураны жакшыртууга долбоор жазып, донор издегенге муктаж болобуз. Мындан сырткары, бардык нерсени тендер аркылуу алгандыктан, айрым майда 10-20 миң сомдук иштерди жасоодо да тендер өткөрүүгө аргасыз болобуз. Көбүнесе компаниялар мындай майда тендерлерге катышпай коюшат, ошентип маселенин чечилиши кечеңдейт", — деди Абдырасулов.
Ал ошондой эле айыл өкмөттөрүндөгү мамлекеттик болуп эсептелген жерлерди агротармагында жергиликтүү бийлик өзү пайдаланганга да уруксат берилип, техникалык базасы чыңдалса дурус болорун кошумчалады.