"Кыргызстандыктар оорукта күжүрмөн эмгек жасап, башкаларга үлгү боло алышкан. Согуш жылдарында фронтко жумшаганга 33 килограммдан ашуун алтын-күмүш тапшырышкан. Мында карапайым калктын мураска калган зер буюмдары болгон. 11 миллион 862 центнер эгин, 2 779 центнер эт жөнөтүшкөн. 121 миң тонна жүн, 96 миң даана кой териси иштетилген. Завод-фабрикаларда иштеп, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенген кыз-келин, кары-картаң, жаш балдар иш убактысынан сырткары фронттогу аскерлерге жылуу кийимдерди даярдашкан. Мунун баары 195 вагон менен фронтко жиберилген. Анын ичинен 103 вагон 900 күнгө чукул блокадада калган Ленинград шаарына багытталган. Мамлекет тарабынан ачылган СССР банкынын эсебине да жапа тырмак каражат которушкан, баалуу кагаздарды сатып алып, "аскердик займ" программасына катышып өлкөгө көмөк көрсөтүшкөн. Советтик Кыргызстандын эмгекчилеринин фронтко жөнөткөн каражатынын эсебинен 1942-жылы танк колоннасы түзүлүп, бооруна "Советская Киргизия" деген жазуу менен алгачкы ирет Сталинград шаарындагы салгылашууга катышкан. Мындан сырткары, Кыргыз ССРине баш калкалап келген 300 миңдей адамды кучагына батырып, үй менен камсыз кылуу, жер бөлүп берүү жана бир айлык тамак-ашын даярдап берүү милдетин толугу менен аткарышкан. Ал кезде адамдарда улутка бөлүнүү, керт башын ойлоо деген болгон эмес. Элдин ынтымагы, биримдиги СССРди жеңишке жеткирген десек болот", — деди Асанов.