ЭВФ жетекчиси: дүйнө акырындык менен доллардан баш тарта баштады

Маалыматка караганда, өлкөлөрдөгү доллардын кору 70тен 60 пайызга төмөндөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Дүйнө акырындык менен АКШ долларынан баш тарта баштаганы байкалууда. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башкаруучу директору Кристалина Георгиева Вашингтондогу Милкен институтунун аналитикалык аянтчасында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ооба, акырындык менен долларды колдонуу азая баштаганы байкалып жатат. Мурда анын үлүшү 70 пайызды түзсө, эми 60тан төмөндөдү", — деди Георгиева.
ЭВФ жетекчиси доллардын алсырашын чоң көйгөй катары кароо туура эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, бул валютанын бекемдиги АКШнын экономикасынын күчү жана көптөгөн рыноктогу көлөмү менен сакталып турат.
"Эгер сиздер долларга альтернатива, Борбордук банктын санарип валютасына массалык түрдө өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу ойлонуп жатсаңыздар, мында түрдүү сунуштар чыгат... Мен жакынкы аралыкта долларды алмаштыра ала турган альтернативаны көрбөй турам", — деди ал.
Россияга каршы салынган катаал санкциялар финансы жана банк тармагына кесепетин тийгизип, долларга болгон ишенимди алсыратты. Көптөгөн өлкөлөр бул валютаны колдонууну кыскартуу үчүн түрдүү аракеттерди көрүп жатат. Россия эл аралык эсептешүүлөрдү доллар менен жүргүзүүдөн баш тартты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артка жолу жок. Global Times АКШ акыры кыйрай турганын жазды