БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Эмне үчүн көпчүлүк арактын оорудан айыктырчу "касиети" бар деп түшүнүшөт? Бул суроого россиялык терапевт Алексей Водовозов Sputnik радиосуна курган маегинде жооп берди.
Дарыгер бул ичимдикти антисептик катары да, суук өткөнгө каршы колдонууга да сунуштабай турганын айткан. Анын айтымында, арак жана башка күчтүү спирттик ичимдиктер медицинада дары-дармек жеткиликсиз болгон шартта гана колдонулган.
"Илимдин өнүгүшү менен ооруну дарылоонун көптөгөн коопсуз, ошол эле учурда натыйжалуу, кымбат эмес ыкмалары пайда болду. Арактын дарылык касиети жөнүндөгү уламыш кептер элге дары каражаттары жеткиликсиз болгон учурда айтылып калган. XVII-XIX кылымдарда абдан жетишкен үй-бүлөлөр гана дары ала алышчу, башка үй-бүлөлөрдө кесилген жерге куюу үчүн да, ооруну басуу үчүн да, дагы башка жагдайларда аракты колдонушкан. Бирок жогоруда айтылган жагдайлардын баарында ал натыйжа бербейт, айрым учурда олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө дарылоонун жакшы натыйжа бере турган көптөгөн түрү бар", — дейт Водовозов.
Тактап айтканда, дарыгер эл арасында айтылып жүргөн кептер жаңылыш ой экенин белгилеп, арак инфекциялык ооруларды да, КРВИни да айыктырууга жардам бербей турганын билдирген.
"Эгерде спирт ичимдиктерин иммунитетке көмөк берем деген ой менен колдоно турган болсок, анда анын тескерисин жасаган болобуз. Окумуштуулар анын курамынын негизин түзгөн этанол иммунитетти кандай алсыздантарын абдан ачык изилдеп жазышкан. Ооба, кээ бирлер жардам берди дешет. Бирок бул илимий тажрыйба эмес да. Көптөгөн изилдөөлөр арактын айтылып жүргөн "кереметтүү касиеттери" жок экенин көрсөткөн", — деди дарыгер.
Ал ден соолукту бекемдөө үчүн арак ичүү кооптуу деп белгилеген, айтымында, айрым учурда өлүмгө жеткириши мүмкүн.