Ош, Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулат. С.Жапаров барып долбоорлорду көрдү

Эски аэропорттордун ордуна заманбап турак жай кичи райондорун куруу каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курулмакчы. Садыр Жапаров ал долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курулмакчы. Садыр Жапаров ал долбоорлор менен таанышты.

2 / 3

Жапаров курулуш жүрчү жер тилкелерин көрүп чыккан

3 / 3

Эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген аба майдандар салына турганы айтылды

Жапаров курулуш жүрчү жер тилкелерин көрүп чыккан. Эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген аба майдандары салына турганы айтылды. Ал эми эски аэропорттордун ордуна заманбап турак жай кичи райондорун куруу каралып жатат. Учурда иштеп жаткан "Ош" эл аралык аэропортунун аймагынын аянты 168 гектарды, "Жалал-Абад" аба майданынын аянты 78,2 гектарды түзөт.
Ал көп кабаттуу үйлөр тургузулса, батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилмекчи.
Кыргызстанда "Асман" шаарынын курулушу башталып, жакында капсула салынат. Сүрөт