Май майрамдарында кызмат өтөөгө беш миңден ашуун милиционер тартылат

Кызматкерлер элдин коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Май айындагы майрамдарда, 1-10-май күндөрү, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кызматкерлер элдин коопсуз эс алуусу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрөт. Массалык иш-чаралар өтчү жерлерде милициянын нөөмөтү каралган.
Өзгөчө маанилүү объектилер күчөтүлгөн тартипте кайтарылмакчы.
Майрам күндөрү республика боюнча жарандардын коопсуздугун камсыздоого беш миңге жакын милиция кызматкери тартылат.
Шектүү буюмду ачпагыла, балага түшүндүргүлө! Милиция эскертип, кеңештерди берди