Кыргызстанды индустриялаштырган "Интергельпо". Сейрек архивдик сүрөттөр

Мындан 98 жыл мурда өлкө аймагына миңдеген чехословакиялыктар келип кыргыздардын өнөр жайына чыйыр салган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол кездеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Советтер Союзу маалында эл арасында кеңири таанылган "Интергельпо" кооперативи Чехословакияда 1924-жылы түзүлүп, Кыргызстанга 1925-жылы апрель айынын соңунда келген. Коммунисттерге кол сунуу үчүн чогулган топ Жилина шаарынан поезд менен сапарга чыгып, бир айдан кийин Пишпек станциясына келип токтошкон. Алар өздөрү менен кошо өз акчаларына Европада сатып алган техника, жабдууларын да жүктөй келип, борбор калаада курулуштарды баштап бир катар өндүрүштүк ишканалардын пайдубалын түптөгөн. Бөтөн жерден келгендерге жергиликтүү бийлик Пишпек станциясынын жанынан 43 гектар жер бөлүп берип, аларды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүргөн.
Бала-бакырасы менен келген чехословакиялыктардын арасында немец, венгерлер да болгон. Күжүрмөн чет элдиктер Кыргызстанда ошол эле жылы механикалык жана столярдык устакана, тери иштеткен завод, электростанция, тактай тилген ишкананы ишке киргизип, жаш автономдук облусту индустриялаштырган.
1 / 20

Жилина шаарынан Фрунзеге жолго чыккан “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрү

2 / 20

Чехословакияда элге үгүт кылган учур. Алар кезинде баарын таштап Кыргызстанга кол сунганы келген

3 / 20

Кооперативдин ар бир мүчөсү 5000 крондон чогултуп, анын бештен эки бөлүгү Кыргызстанга жетүү үчүн жумшап, калган 3000 кронго түрдүү техника, жабдууларды алган

4 / 20

“Интергельпочулардын” алгач тобу 1925-жылы келип, кийин биротоло миңден ашык адам Кыргызстанда орун-очок алган

5 / 20

Бөтөн жерге келгендер үй салып, азыркы Бишкек шаарынын аймагында курулуш иштерин баштаган

6 / 20

Фрунзе базарына келген интергельпочулар. Иш билги чет элдиктер бат эле жергиликтүүлөргө аралашып кеткен

7 / 20

Чехословакиядан келип трибунада сөз сүйлөгөн интергельпочулар

8 / 20

Алар поезд менен бир ай жол жүрүп, Пишпек станциясына түшкөн

9 / 20

Сырттан келгендер ээн талаага үйлөрдү, ишканаларды өздөрү салып, борбор калааны индустриялаштырууну баштаган

10 / 20

Күжүрмөн чет элдиктер алгачкы жылы эле механикалык жана столярдык устакана, тери иштеткен завод, электростанция, тактай тилген ишкананы ишке киргизген

11 / 20

Интергельпочулар ачкан ишканаларда жаңы жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү тургундар арасында окутуулар уюштурулган

12 / 20

Сырттан келгендер республиканын өнөр жайына чыйыр салган

13 / 20

Интергельпочулар керектүү жабдуу, техникаларды өз акчасына Европадан жүктөй келген

14 / 20

Чехословакиялыктар үй-бүлө, бала-бакырасы менен келип Кыргызстанда орун-очок алган

15 / 20

“Интергельпо” кооперативинин ишке киргизген ишканалары кийин чоң завод, фабрикаларга айланган

16 / 20

Интергельпочулар Фр. Гулиш, К. Модель, Войтех Шоуш, Алексий Голан, Гавлицкий ипподромду салгандан кийин .1927-жыл, Фрунзе

17 / 20

Атактуу чех журналисти Юлиус Фучик (ортодо) интергельпочулар менен маектешип жаткан учур. 1930-жыл, Фрунзе

18 / 20

Чехословакиялык коммунист, журналист Юлиус Фучик Фрунзе шаарына келген интергельпочулар менен. 1930-жыл

19 / 20

"Интергельпо" кооперативинин жетекчиси Рудольф Маречек жергиликтүү бийлик өкүлү менен

20 / 20

Баса, интергельпочулар убагында Кыргызстанда альпинизмге да чыйыр салган

По теме:
Кокту-колот, талаа-түздө иштеген кыргызстандык геологдор. Архивдик сүрөттөр
Жаалданган эл, Акаевди бийликтен кетирген ыңкылап. 24-марттагы окуянын сүрөттөрү
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр