Бөлтүрүк жана башка кармалгандар мамлекетке 844,5 млн. сом төктү

Теңиз Бөлтүрүк былтыр күздөн бери абакта жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк жана коррупция иши боюнча башка айыпталуучулар келтирилген зыян үчүн 844,5 миллион сом кенемте төлөдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ Бөлтүрүк үй камагына чыгарылган болчу. Сунушту сотко жактоочуларынын өтүнүчү менен прокуратура берген.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди таап чыккан.
Буга чейин абакта жаткан Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кечирим сурап кат жазганы маалым. Үй камагына чыгаруу өтүнүчү март айында да келтирилип, сот аны канааттандырган эмес.
Депутаттык комиссия “Кумтөрдүн” алтыны уурдалган эмес деген тыянак чыгарды