Коргоо министрлиги Жеңиш күнүндө кандай иш-чаралар өтөрүн тизмектеди

Автожүрүш, аскердик жөө жүрүштүн ыр менен коштолуусу, ардагерлерге "аскер боткосун" уюштуруу, Улуу Жеңишке арналган эстеликтерди коргоо боюнча акциялар өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. КР Коргоо министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата өткөрө турган иш-чараларынын тизмесин жарыялады.
Анда төмөнкү акция, иш-чаралар пландалган:
4-май – Бишкек — Токмок — Кемин маршруту боюнча сейрек кездешкен унаалар менен автожүрүшкө катышуу;
5-май – КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер башкармалык жетекчилеринин Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерин куттуктоосу;
9-майга чейин – Бишкектеги сейил бактарда, скверлерде Аскер борбордук үйүнүн жана Коргоо министрлигинин аскер оркестринин согуш жылдардагы ырларды аткаруусундагы көчмө концерттери өтөт;
9-май – министрликтин жеке курамдары, бөлүктөрү жана мекемелеринин катышуусу менен "Өлбөс полк" эл аралык жүрүшүнүн өтүшүнө көмөк көрсөтүү;
9-май – Жеңиш аянтында согуш ардагерлерине "аскер боткосун" уюштуруу;
9-майга чейин – жалпы билим берүү мекемелеринде кыргызстандык баатырлардын эрдиктеринин мисалында "Эрдикке үйрөтүү сабактарын" өткөрүү, ардагерлер уюмдарынын мүчөлөрүн чакырып Аскер окуу жайынын курсанттары жана аскердик бөлүктө кызмат өтөгөндөр менен жолугуштуруу, маектерди уюштуруу;
"Жеңишке 30 күн калды" акциясы (катышуу үчүн адамдын окуясын, эстелик жөнүндө маалыматты камтыган жана башка ушул өңүттөгү Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт даярдоо керек);
ардагерлердин үй-бүлөлөрү үчүн "Согуш жөнүндөгү баяным" аттуу акциясы;
"Жеңишке арналган эстеликтерди коргойбуз" акциясы эстеликтердин жана Боордоштор көрүстөнүнүн айланасындагы ишембиликтер менен өтөт;
Бишкектин Свердлов районундагы окуучулар үчүн "Вахта памяти" патриоттук акциясы уюштурулат;
9-май – Бишкек гарнизонунун аскерлери Чүй проспекти менен согуш жылдарындагы ырларды аткарып жөө жүрүш жасашат;
9-май – Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу, митинг-реквием, Бишкек гарнизонунун аскерлеринин Жеңиш аянтына чейин салтанаттуу ыр коштогон маршы, Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы аскер техникаларын чагылдырган тематикалык экспозиция.
Радио
Улуу Ата Мекендик согуштагы ар бир үчүнчү ок Кеминден чыккан. Тарых барагы