"Хор Турецкого": Бишкектеги бекер концерттин видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. "Хор Турецкого" жана SOPRANO топтору борбор калаада Unity songs ("Биримдиктин ыры") деген аталыштагы концертин берип жатат.
Концерт акысыз. Алар өз өнөрлөрүн бул мүнөттөрдө Asia Mall соода борборунун көңүл ачуучу аянтчасында тартуулашууда. Көрүүчүлөр көп келишкен.
Unity songs долбоору 34 мамлекетте тартууланган. Ырларды 300 миңден ашык киши жандуу угуп, 17 миллиондон ашык адам онлайн көргөн.
Командалар Кыргызстандан тышкары Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Тажикстандын шаарларына барышат. Июль айында Латын Америкасына, ал эми күзүндө Бангкок, Сингапур, Жакарта жана Делиге чоң тур пландалган.
Белгилей кетсек, ушул эле концерт былтыр борбор калаада тартууланган.
Кремлдин сахнасында ырдаган кыргызстандык жаш ырчы. Видео