Манаска байланган өмүр. Жусуп Мамайдын жашоосунун урунттуу учурлары

Белгилүү манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандын (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Меркеч айылындагы Ат-Жайлоо конушунда жарык дүйнөгө келген.
Sputnik
Жусуп Мамай кичинекейинен зирек, зээндүү өсүп, алты жашында молдодон сабак алып кат таанып, китеп окууга жетишкен. Ал башка манасчылардай аян алып, 1932-жылы биринчи жолу манас айтат. Кийин өзүнүн вариантын кагаз бетине түшүрүп, манасчыга илимий экспедициялар келип турат.
1960-жылдары Жусуп Мамай саясий куугунтукка кабылып, чыгармачылыктан оолактап калган учурлары да болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда жалпы 18 томдон жана 200 миңден ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазып алынып, 1984-жылы "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көргөн. Андан сырткары, "Эр Төштүк", "Курманбек", "Толтой", "Көбөк", "Мамаке-Шопок", "Жаңыл Мырза", "Тутан" сыяктуу кенже эпосторду да жакшы билген.
Кыргыз Республикасынын Баатыры 2014-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусуна караштуу Ак-Чий кыштагындагы ооруканада кайтыш болуп, 2014-жылы 2-июнда жерге берилген.
1 / 16

Жусуп Мамайдын өмүрү Кытай Эл Республикасында өткөн

2 / 16

Жусуптун атасы Мамай Меккеге барып келген ажы болгон. Уулун да молдонун колуна берип кат тааныткан. Сүрөттө ал кытайлык кыргыздар менен.

3 / 16

1961-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манасты" жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жылда 110 миң сап жазып алынган

4 / 16

Кытайда изилдөөчүлөр Жусуп Мамайдын айтуусунда жүз миңдеген сап эпосту кагаз бетине түшүргөн

5 / 16

1960-жылдары манасчы Кытайда саясий куугунтукка кабылган

6 / 16

Кыргызстанга мейманга келген залкар манасчы Талас жергесинде

7 / 16

1984-жылы манасчынын варианты боюнча "Манас" эпосу китеп болуп, араб арибинде окурмандарга сунушталган

8 / 16

Жусуп Мамайдын айтуусунда 200 миңден ашуун ыр сап кагаз бетине түшүрүлгөн

9 / 16

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилегени келген Жусуп Мамай кандаштарынын курчоосунда

10 / 16

Залкар жазуучу Бексултан Жакиев менен улуу манасчы Жусуп Мамай. Манасчы кыргыз интеллигенция өкүлдөрү менен жакшы катышкан.

11 / 16

Ал Кыргызстанга биринчи жолу 1992-жылы, экинчи жолу 1995-жылы келген

12 / 16

Улуу манасчы Жусуп Мамай менен режиссер Төлөмүш Океев. 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, манасчы Кыргызстанга сыйлуу конок катары Кытайдан атайын чакыртылган.

13 / 16

Манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер Жусуп Мамай чөбөрөсү Тургунаалы менен

14 / 16

Манасчынын өнөрү Кыргызстанда жакшы бааланып, Жусуп Мамай КРдин эл артисти, КРдин Баатыры наамын алып, I даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Жусуп Мамайга берилген Кыргыз Респуликасынын Баатыры жогорку наамын "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен манасчынын балдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырган.

15 / 16

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, улуу манасчы Жусуп Мамай, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова жана жазуучу Бексултан Жакиев. Бишкек шаары, 1995-жыл.

16 / 16

Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жашында кайтыш болгон

Тема боюнча:
90 жашка чыкмак. Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин сүрөттөрү
Космонавттарды даярдаган даңазалуу кардиолог. Мирсаид Миррахимовдун сүрөттөрү