Теңиз Бөлтүрүк үй камагына чыкты

Үй камагына чыгарууну март айында да өтүнүшкөн, сот аны канааттандырган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен "Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы башчысы Теңиз Бөлтүрүк үй камагына чыкты. Бул тууралуу шаардык сот кабарлады.
Сунушту прокуратура берген.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди таап чыккан.
Буга чейин абакта жаткан Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кечирип сурап кат жазганы маалым. Үй камагына чыгаруу өтүнүчү март айында да келтирилип, сот аны канааттандырган эмес.
Депутаттык комиссия “Кумтөрдүн” алтыны уурдалган эмес деген тыянак чыгарды