Бишкекте Жеңиш күнүнө карата грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Турнирдин расмий ачылышы 7-майда саат 12:00дө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Турнир Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун жаркын элесине жана Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналып, 6-8-май күндөрү өтөт.
Ага катыша турган балбандар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашат.
Мелдештин расмий ачылышы 7-майда саат 12:00дө болот.
Кыргызстандык алты дзюдочу Доха шаарына дүйнө чемпионатына барат