Кол толгоо! АКШ аткаминерлеринин ат тезегин кургатпаган сапарынын сырлары

Саясат таануучулар, экономисттер Sputnik Кыргызстанга эмне үчүн Борбор Азияга батыш саясатчылары байма-бай каттай баштаганын, мындай кадамдардын аркасында эмне жатарын айтып беришти.
Sputnik
АКШ каржы министринин орун басары Элизабет Розенберг Кыргызстанга Россияга каршы санкцияларды талкуулоо үчүн келмекчи. Америкалык каржы мекемеси министр айым өлкө бийлигине "Глобалдык экономикага аралашуу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу же россиялык согушка материалдык жардам көрсөтүүнү улантып, дүйнөнүн эң маанилүү рынокторуна баш багуудан ажырообу? Ушундай так иштиктүү чечим кабыл алууну кабыргасынан" коерун кабарлаган. Бишкектен тышкары, Розенберг Астана менен Алматыга (Казакстан) да барат.
АКШ каржы министринин орун басары Элизабет Розенберг
Бир аз мурдараак Борбор Азияга Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Европа биримдигинин санкциялар жаатындагы атайын өкүлү Дэвид О'Салливан келип кеткен.
Апта башында Кыргызстанга америкалык мамлекеттик катчынын жардамчысы Дональд Лу келген. Бул сапарлардын максатын жергиликтүү серепчилер менен талкууладык.

Кыргызстандын гана кызыкчылыктары

Экономист Айылчы Сарыбаев Кыргызстан өз алдынча мамлекет, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү экенин жана "кандайдыр бир көрсөтмөгө муктаж эмес" экенин белгиледи.
"Жакында эле Салливан эмне кылуубуз керектигин көзгө сая көрсөтүп, опузалагандай эле болду. Батыш аткаминерлери Кыргызстан Россияга каршы санкцияларды колдобосо көргүлүктү көрөрүбүздү кыйытууда. Менимче, Розенбергдин сапары деле ошондой нукта өтөт. Америкалыктар борбор азиялык республикалардын "колун толгоп", эмне кылуубуз керектигин үйрөтүшөт. Алар эл аралык каржылык институттар, ошол эле Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк аркылуу кысым кылары ырас. Кыргызстан аларга жараша кадамга барып, эки тараптуу, маселен, Кытай, Индия, Иран же Россия менен макулдашууларды түзүүгө тийиш", — дейт Сарыбаев.
Экономист Айылчы Сарыбаев
Анын баамында, санкция салуу экономикалык согуш жарыялоого тете.
"Кошмо Штаттар да, башкасы да бизге каршы чектөө салууга акысы жок. Андай саясат аларга абийир алып келбейт. Америка эл аралык аброюн жоготот. Санкциялык согуш көпчүлүк өлкөлөрдүн Кошмо Штаттар менен иш алып баруудан жана доллардан баш тартышына кептейт. Ошол себептен америкалыктар эл аралык каржылык каатчылыгын жеңип, доллардан баш тартууну токтотуп калууну ойлонушат. Менимче, АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүн өз талаптарын аткарууга мажбурлоо аракетинен майнап чыкпайт", — деп боолголойт эксперт.
Айтымында, эгер Кыргызстан бийлиги эбин таап, эки тоонун башын самай турган болсо, өлкө үчүн кесепети жаман болот.
"Бүгүн улуттук кызыкчылык үчүн так саясий багытты кармануу абзел, ал эми дүйнөлүк державалар менен ойноонун, баарына жагынууга тырышуунун кажети жок. Американын бизге тиешеси жок, бирок биз Кытай же Россия менен араздашып кетсек кыйын болот, айрыкча каржылык каатчылык шартында жашап кетиш оор", — дейт Сарыбаев.

Мамилелердин бекемдиги сыналат

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов америкалык аткаминерлердин Кыргызстанга улам катташы эмнени каңкуулай турганын түшүндүрдү.
"АКШ Каржы министрлиги америкалык санкциялык саясаттын жүзөгө ашырылышына көз салат. Министрдин жардамчысы жакында Казакстан менен Кыргызстанга келгени турат. Дональд Лу да Кыргызстан, андан ары Тажикстанга аяк басат... Эсиңиздерде болсо Европа биримдигинин атайын өкүлү Дэвид О'Салливан да Бишкекке келип, Россияга каршы санкциялардан баш тарта турган болсоңор бирди көрөсүңөр деген тейде опузалаган. Эң кызыгы, ал мындайды Астанада да, Ташкентте да айта алган жок. Демек, Батыштагы ар кыл мекемелердин өкүлдөрү чөлкөмгө байма-бай каттап, бирок Бишкек алардын жолу кесилишкен кандайдыр бир түйүнгө айланып баратканына күбөбүз", — деп белгилейт Бактыгулов.
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов
Ал Кыргызстан экономикалык санкциялар аркылуу өнөктөштөргө таасир этүүчү америкалык "лабораторияга" айланып калышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Ресурстар менен ири жабдуучу катары Казакстан – алар үчүн чоң бута. Эгер аталган мамлекетке каршы санкция салынса, дүйнөлүк экономика мунай менен буудай жагынан аксап калары бышык. Өзбекстандын калкынын саны өскөндүгүнөн улам ал жактагы туруксуздук бүтүндөй чөлкөмгө оор көйгөйлөрдү жаратат. Азырынча андай жагдай Кошмо Штаттардын планына ылайыксыз. Тажикстан талибдерди тааныбайт*, ошондуктан АКШ менен көз карашы жакын. Бул республика океандын ары жагы менен аскердик тармакта кызматташтыгын күчөтүп келет. Балким, жамааттык Батыш Тажикстанды сөзүнөн чыкпаган тарап катары кабылдап, ошондон улам ал жактагы абалдын бузулушун каалабас. Ушул себептен Россия Федерациясынан кол үзгүсү келбеген мамлекеттерди тизгиндөө же "тартипке чакыруу" механизмдерин дал бизде сынашпайбы деген кооптонуу бар", — деген оюн ортого салат саясат таануучу.
Анын пикиринде, мындай жол менен АКШ кыргыз-россиялык мамиленин бекемдигин сынамакчы.

Кол толгоо

Евразия экономикалык кызматташтыгы институтунун башкы директору Владимир Лепехин да Борбор Азия мамлекеттерине кысым көрсөтүлөрүн айтат.
"Айрым эксперттер Афганстандагы согушкерлердин жардамы менен чөлкөмдө согуш отун тутантуу ыктымалдыгын айтышат. Афганстанда америкалык саясаттын кадыры кеткен, АКШнын андай кадамдарга күчү да, ресурсу да эбак жок болгон. Бирок үчүнчү дүйнөлүк — гибриддик согуш алкагындагы негизги аракеттер экономикада жүрүүдө. Америкалык каржы министринин жардамчысынын иш сапары менен иш чектелбейт, чөлкөмгө эл аралык уюмдардын, борбордук банк жана башкалардын өкүлдөрү келерин болжоп турам. Экономикалык жактан гана кол толгошу мүмкүн. Британиялыктар да, Европа биримдигинин үлкөндөрү да, ал тургай Түндүк атлантикалык альянстын өкүлдөрү да келиши ыктымал. Алардын баары Борбор Азияда абдан активдешип жатышат", — деп эсептейт Лепехин.
Евразия экономикалык кызматташтыгы институтунун башкы директору Владимир Лепехин
Ошондой эле эксперт Кыргызстан мындай кырдаалда Чыгышка мүнөздүү сапатын, "меймандостугун" көрсөтүүгө тийиш экенин белгилейт.
"Ар кандай эмиссарларды дипломатиялык жол менен тосуп алып, эл аралык уюмдардын позициясын эске алуу менен эл аралык этикетти сактоо зарыл. Бирок республиканын бардык аракети улуттук кызыкчылыктарга гана багыт алышы кажет. Ал эми бул сөзсүз түрдө Казакстан жана чөлкөмдөгү өлкөлөр, Кытай, Түркия, Россия жана Евразиянын башка мамлекеттери менен түз мамиледе болуу эмеспи. Албетте, океандын ары жагынан агылган меймандар менен жаман-жакшы айтышуунун кажети жок, бирок Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук келишими уюму жана башкалар менен тыгыз байланышкан. Демек, өлкө евразиялык мейкиндиктен гана пайда көрө алат", — деп тактады экономист.

Көзөмөлдү сактап калуу

Евразия клубунун башчысы, саясат таануучу Никита Мендкович Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттерин экинчи даражадагы санкциялар менен коркутуп жатканын белгиледи. Опузалоо, психологиялык террор аркылуу америкалыктар чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн лидерлерин союздаштык милдеттенмелерди бузуп Россияга каршы агрессияга катышууга мажбурлагысы бар.
"РФке каршы агрессия жана Украинада тутанган жаңжал дүйнөдө америкалык үстөмдүктү бекемдөөгө багытталган. Кошмо Штаттар Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандагы кен байлыктарга көзөмөлдү сактап, алардын ээси болгон элге залал келтирип, өз кызыкчылыктарына пайдаланууну көздөйт. Ар кыл даражадагы батыш аткаминерлеринин сапарлары дал ушуга байланыштуу", — деди Мендкович.
Евразия клубунун башчысы, саясат таануучу Никита Мендкович
Анын айтымында, эгер Россия Украина менен болгон жаңжалда жеңип чыга турган болсо, бул Борбор Азиянын америкалык корпорациялардан көз карандысыз болушуна белги болот. Анткени алар чөлкөмдүн көптөгөн баалуу активдерин өз кызыкчылыктарына иштетип койгон.
"Кошмо Штаттар дал ошол көз карандысыздыктан чочулайт, анткени алар Борбор Азия калкын коркутууга аракет кылышат. Бирок бүгүн биз эркиндигибиз үчүн да күрөш жүрүп жатканын аңдаганыбыз оң. Америкалыктарга "жок" деп так кесе айтуу гана эмес, америкалык жана натолук үстөмдүккө каршы күрөшкөн элдерге жана өлкөлөргө да колдон келишинче көмөктөшүү маанилүү", — деп кебин жыйынтыктады саясат таануучу.
* "Талибан" кыймылы террорчулук ишмердиги үчүн БУУнун санкциясында.
Батыштын Борбор Азияда чындап көздөгөнү эмне? Талдоо