Жапаров "Ак-Суу" балдар реабилитациялык борборуна барды

Реабилитациялык борбор 100 орунга ылайыкташып, шал илдети менен ооруган балдарды дарылоого багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы "Ак-Суу" балдар реабилитациялык борборуна барганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы "Ак-Суу" балдар реабилитациялык борборуна барганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди

2 / 5

Жапаров реабилитациялык борборду кыдырып чыгып, мекеменин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жана аны капиталдык реконструкциялоого каражат табуу маселеси карала турганын айтты

3 / 5

"Ак-Суу" балдар реабилитациялык борбору 100 орунга ылайыкташып, церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарды дарылоого багытталган

4 / 5

Жапаров андан ары Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол эл аралык унаа жолунун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан

5 / 5

Куруучу тарап 2024-жылдын ноябрында жолдун биринчи бөлүгү бүтөрүн убадалаган.

Жапаров реабилитациялык борборду кыдырып чыгып, мекеменин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жана аны капиталдык реконструкциялоого каражат табуу маселеси карала турганын айтты.
"Садыр Жапаров реабилитациялык бөлүмдүн уникалдуулугун баса белгилеп, борборду керектүү медициналык жабдуу менен камсыздоону, тез жардам унааларынын бирин бөлүп берүүнү тапшырды. Ошондой эле андагы кызматкерлерге айрым кыйынчылыктарга карабай өз ишин сапаттуу аткарып жатышканына ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.
"Ак-Суу" балдар реабилитациялык борбору 100 орунга ылайыкташып, церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарды дарылоого багытталган. Учурда анда өлкөнүн ар кайсы облусунан келген 72 бала дарыланууда.
"Санаторийде Советтер Союзу кезинде курулган үч корпус бар, алар азыркы маалда капиталдык реконструкцияга муктаж. Ошол эле учурда балдарды реабилитациялоо жана аларды карап жаткан ата-энелер үчүн зарыл шарттар бар", — дешти администрациядан.
Жапаров андан ары Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол эл аралык унаа жолунун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Трассанын жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Куруучу тарап 2024-жылдын ноябрында жолдун биринчи бөлүгү бүтөрүн убадалаган.
100 миң сомдон бөлүнгөн акча муктаждарга жетип жатабы. С. Жапаров капыстан текшерди