БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ак-Ордодо үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган Марал Шараболотованын салынып жаткан жаңы үйү курулуп бүттү. Бул тууралуу президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаев билдирди.
Буга чейин президент аны чет элдик фонд соопчулук үчүн куруп берип жатканын айткан.
Эске салсак, март айынын башында Ак-Ордо конушунда төрт балалуу келиндин үйүн коңшусу соттун чечими менен түрттүрүп салган. Көчөдө калдым деп ыйлаган аялдын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун көңүлүн бурган. 5-мартта президент Садыр Жапаров аталган конушка пландан тышкары барып, үйү бузулган аял жана конуштун жашоочулары менен жолугушкан.
Кийинчерээк президенттин кеңешчиси Эрнис Ашырбаев келиндин үй-бүлөсүнө жаңы үй курулуп берилерин айткан.
Андан кийин өлкө башчысы Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматынан бошоткон. Буга мамлекет башчы элге "Кызыл китеп" берүү иштерин солгун жүргүзгөндүгү себеп экендигин айткан.