Радио

Айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу үчүн эмне кылуу керек. Сунуштар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун жетекчисинин орун басары Данияр Айтбаев өлкөдө 452 айыл өкмөтү болсо, анын 72 пайызы дотацияда отурганын айтты.
Sputnik
Айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгарып, аймактарды өнүктүрөбүз десек салык саясатын кайрадан карап чыгуу керек. Мындай пикирин Данияр Айтбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын бюджетине ылайык, айыл өкмөттөрүнө бир гана жергиликтүү салыктын түрү калтырылган.
"Айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгарып, айылдарды өнүктүрүш үчүн, албетте, биринчи кезекте ошол жердеги жетекчилердин кызыкчылыгы болушу шарт. Экинчиден, биз системаны өзгөртүп, салык саясатын кайрадан карап чыгышыбыз керек. Анткени учурда айыл өкмөттөрүнө жергиликтүү салыктан түшкөн каражат гана 100 пайыз калтырылат. Башкача айтканда, кыймылдуу, кыймылсыз мүлк жана жер салыгы. Президенттин жер салыгына жарыялаган мораторийинен улам бул тармактан учурда киреше түшпөйт. Ал эми айылдарда салык түшө турган деле имарат, мүлк жокко эсе. Мурда сатуудан түшкөн салык, бирдиктүү салык айыл өкмөттөрдө калчу, 2023-жылдын бюджети менен ал республикалык бюджетке өтүп кетти. Бирдиктүү эреженин жоктугунан ар жылкы республикалык бюджетти кабыл алууда салыктарды бөлүштүрүү өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Мындан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жабыр тартып жатат, туруктуулук жок. Андыктан бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү концепциясын кабыл алуу керек. Ошондо бир жалпы эреже пайда болот. Оорукана, мектеп деген социалдык мекемелерди көмүр менен камсыздоо жана башка маселелер да айыл өкмөттөргө жүктөлгөн. Алар өз каражатын коротууга милдеттендирилет. Бирок биздин Конституция боюнча, жарандарды билим берүү, ооруканаларга жеткиликтүүлүктү камсыздоо мамлекеттин мойнунда. Демек, бирдиктүү, мамлекеттик камсыздоо керек. Тактап айтканда, кирешеси көп айыл өкмөттөрүндөгү мектеп, ооруканалардын маселеси жакшы чечилип, ал эми дотациядагы колунда жок айыл өкмөттөрдүкү кыйынчылыкка дуушар болбошу керек", — деди Айтбаев.
Ал эгерде айыл өкмөттөрү дотацияда отуруп мамлекеттен колдоо алып жүрө берсе, өз алдынча киреше таап аймакты өнүктүрүүгө кызыкчылыгы солгундай тургандыгын кошумчалады.