БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
30-апрелде жана 1-майда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт.
2-майда айрым жерлерде жамгыр жаайт. 3-майда чыгыш тарабында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 4-6-майда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-3-майда айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.