БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бир нече районго жаңы аким жана орун басарлар, Ош облусунун башчысына эки орун басар дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров жарлыгы менен дайындаган акимдер:
Оштун Кара-Суу районуна Жакыпбек Субагожоев;
Нарындын Жумгал районуна Адыбек Набиев;
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна Эрмек Бахавадинов.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун тескемеси менен кызматка коюлгандар:
Чуу менен иштен алынган президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун ордуна Уристем Манапов;
президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев;
Нарындын Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Турсунбек Бактыгулов;
Оштун Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Шакир Мамадалиев;
Ош облусунун Араван районунун акиминин биринчи орун басары Бактыбек Осмонов.
Бардык дайындоолор региондук кадр резервинен алынганы белгиленди. Анда протекционизм, колдоочу же патронаж аркылуу дайындоолор жокко чыгарылып, мамлекеттик кызматкерлерге карьералык мүмкүнчүлүктөр каралганы айтылды.