ӨКМ 1,5 айда Ысык-Көлдөн 47 миң тонна таштанды алып чыкты. Видео

Ысык-Көлдү акыр-чикирлерден тазалоо иштери 12-марттан бери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдү таштандыдан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин улантууда. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

"47 күндө көлдүн түбүнөн 3 700 килограмм таштанды жана 47 миң метр тор чыгарылды. Учурда Ысык-Көлдүн 50 530 гектардан ашык аянты тазаланды", — деп билдирди ӨКМ.

Көлдү акыр-чикирден арылтуу иш-чарасы 12-марттан бери жүрүүдө. ӨКМ бул ишке Түркиядан алып келинген "Дельта" катерин колдонуп жатат. Анын ылдамдыгы саатына 40 чакырым, 10 суучул шайманы менен батат.
Радио
Камчыбеков: айрым кендер Ысык-Көл биосфералык аймагына кирип калган