Кыргызстандык 5 спортчу парадзюдо боюнча Азия чемпионатынан байге утту

Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Парадзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында 5 медаль утуп алды.
Мелдеш Астана шаарында өтүп, кыргызстандыктар бир алтын, төрт коло байгеге ээ болгон.
Кыз-келиндер арасында 48 килограмм салмак категориясында катышкан Хайитхон Хусан кызы финалда өзбекстандык Фотима Тоирова менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңип Азиянын чемпиону болду.
Коло медаль уткандар:
Регина Саламатова, 48 килограмм салмак категориясында;
Алихан Жумагулов, 60 кг;
Темирлан Абдукаримов, 60 кг;
Маматибрагим Суранов, 73 кг.
26-апрель күнү башталган парадзюдо боюнча Азия чемпионаты 1-майда жыйынтыкталат.
Кыргызстандык алты дзюдочу Доха шаарына дүйнө чемпионатына барат