Кыргызстандык алты дзюдочу Доха шаарына дүйнө чемпионатына барат

Спорттук мелдештер 7-майда башталып, 14-майга чейин уланат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Доха шаарында (Катар) өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Билдирмеге ылайык, чемпионат 7-майда башталып 14-майга чейин уланат.
Дохага бара турган спортчулар:
Ханболот Ырысбеков — 60 кг;
Кубанычбек Айбек уулу — 66 кг;
Чыңгызхан Сагыналиев — 73 кг;
Эртур Турдубаев — 73 кг;
Асад Масабиров — 81 кг;
Эрлан Шеров — 90 кг.
Курама команда улук машыктыруучу Сергей Кладнов, башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында чыгат.
Акжол Махмудов Роман Власовду утуп алды