Декларацияны 2-майда да тапшырса болот. Салык кызматынын эскертүүсү

Бирдиктүү салык декларациясы саат 09:00дөн тарта түн ортосуна чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Дем алыш күндөрүнө байланыштуу салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
"Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) жекшембиге туш келип, ал эми 1-май майрам күнү деп белгиленди. Ушуга байланыштуу салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майга чейин узартылды", — деп айтылат маалыматта.
Салык органдары 30-апрелде, 1 жана 2-майда декларацияларды саат 09:00дөн түн ортосуна чейин кабыл алышат.
2-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр бериши керек:
жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жеке жак.
Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.
Декларация тапшырууну акыркы күнгө калтырбагыла! Салык кызматынын эскертүүсү