Бактыбек Бекболотов Индия жана Кытайдын коргоо министрлери менен жолукту

Жыйынга уюмдун башкы катчысы Чжан Мин да катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин кеңешмесине катышты. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга уюмдун башкы катчысы Чжан Мин, ШКУнун Регионалдык антитеррористтик структураларынын аткаруу комитеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле Россия, Беларусь, Иран жана Монголиянын коргоо министрлери катышкан.
Алар глобалдык жана регионалдык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелер тууралуу пикир алышып, тынчтыкты сактоо зарылчылыгын белгилешкен. Аны менен катар маалымат мейкиндигиндеги коркунучтарга каршы күрөшүү механизмдерин ар тараптан бекемдөөнү талкуулашкан. Коргонуу ведомстволорунун ортосунда өз ара иштешүүнү жакшыртуу жана аскерий жактан жогорку деңгээлде кызматташуу жөнүндө макулдашылды.
Кеңешменин катышуучулары “Тынчтык миссиясы” машыгуусун жана “Труба мира” аскердик оркестр фестивалын өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушкан. 2024-2025-жылдарга кызматташтык планын бекитип, 2023-жылга эксперттик жумушчу топтун иш-чаралар планын жактырышкан.
Мындан сырткары, Бактыбек Бекболотов Кытайдын жана Индиянын коргоо министрлери менен өзүнчө жолуккан. Тараптар учурдагы жана келечектеги аскердик кызматташтык маселелерин талкуулашты.
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кийинки кеңешмеси 2024-жылы Казакстанда өтөт.
Шойгу ШКУ жыйынында Кытайдын коргонуу министри менен жолукту. Видео