БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Киев бийлиги өздөрүнө ылайыктуу кылып чагылдыруу үчүн Украинадагы согуштук аракеттер боюнча жазып жаткан Батыштагы ЖМКлардын маалыматын көзөмөлдөөгө аракет кылып жатат. Бул туурасында РИА Новости германиялык Der Freitag гезитине таянуу менен жазды.
"Украинадагы цензура болуп жаткан окуянын объективдүү картинасын көрсөтүүнү андан да кыйындатат. Буга кооптонуу керек. Күтүлүп жаткан контрчабуулду чагылдыруу Киевден көз каранды болот окшойт", — деп жазылган макалада.
Немец журналисттери Украина Куралуу күчтөрүнүн башчылыгы журналисттердин фронттогу жана фронттун алдындагы райондордогу ишин чектеп жатканын белгилеген. Мындан ары кээ бир аймактарга аскерлердин коштоосунда гана кирүүгө уруксат берилет, башка жайларга тыюу салынган.
Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль апрелдин ортосунда Украинанын контрчабуулу жайында башталышы мүмкүндүгүн билдирди. Кийинчерээк ал жакынкы аралыкта башталарын айтты. Америкалык ЖМКлар Киевдин контрчабуулу 30-апрелге дайындалганын жазууда. РИА Новости сурамжылоо жүргүзүп, эксперттер Киев менен Вашингтондун карама-каршы билдирүүлөрүнө ишенүүгө болбой турганын, бул да жалган маалымат боюнча кампаниянын бир бөлүгү болушу мүмкүндүгүн айтышкан.