Тарых музейинде "Нюрнберг" тасмасы көрсөтүлдү

Келгендер көргөзмөгө да күбө болушту.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте биринчи жолу россиялык "Нюрнберг" тасмасы көрсөтүлгөнүн Россиянын илим жана маданият борбору (Русский дом) кабарлады.
1 / 3

Бишкекте биринчи жолу россиялык "Нюрнберг" тасмасы көрсөтүлгөнүн Россиянын илим жана маданият борбору (Русский дом) кабарлады

2 / 3

Картина 27-апрель күнү Улуттук тарых музейинде сунушталган

3 / 3

Келгендерге "Нюрнбергский процесс: взгляд из Москвы" деп аталган көргөзмө да тартууланды.

Картина 27-апрель күнү Улуттук тарых музейинде сунушталган.
Фильмдеги окуя 1945-жылы Нюрнбергде болгон нацисттик кылмышкерлердин сотунун айланасында өнүгөт. Сюжетте каармандардын жеке турмушу жана тарыхый окуялар бири-бирин толуктап жүрүп отурат. Тасмада Евгений Миронов, Сергей Безруков, Сергей Кемпо, Любовь Аксенова жана башка актерлор тартылган.
Келгендерге "Нюрнбергский процесс: взгляд из Москвы" деп аталган көргөзмө да тартууланды. Экспозициянын материалдары эл аралык аскер трибуналынын тарыхын айтып берет. Мындан сырткары, ага сейрек сүрөттөр менен архивдик документтер да коюлган.
Радио
Улуу Ата Мекендик согуштагы ар бир үчүнчү ок Кеминден чыккан. Тарых барагы