БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ички иштер органдарынын жетекчилик курамдагы 90го чукул кызматкерлерине ар кандай тартип жазалары берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү кийинки отурумдарда карала тургандыгы белгиленди.
Эске салсак, бүгүн ИИМде ички иштер органдарынын 2023-жылдын үч айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болгон.
ИИМ жетекчилиги тарабынан төмөнкү багыттагы тапшырмалар коюлган:
ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоосу, ротациялоону улантуу;
жарандардын кайрылууларына ыкчам жана мыйзам чегинде жооп берүү;
кылмышты ачуу жана аны сапаттуу тергөө;
өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү;
жол коопсуздугун сактоо багытында кескин чараларды көрүү;
коомдук тартипти сактоодо заманбап технологияларды толук ишке киргизүү боюнча сапаттуу иштерди жүргүзүү жана ички тартипти чыңдоо.