Эртең түштөн кийин "Ала-Тоо" аянтынан өтчү унаа жол жабылат

Ишембиде борбор калаанын 145 жылдыгына карата майрамдык концерт өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Эртең, 29-апрелде, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү саат 16: 00дөн 00:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бул күнү "Ала-Тоо" аянтында Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата майрамдык концерт өтөт. Кеч курун саат 18:00дө борбордук аянтта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланат.
Пресс-борбор
Бишкектин 145 жылдыгын майрамдоо кандай өтөрү айтылды