БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Эсептөө палатасы Кыргызстандын агрардык секторун өнүктүрүү долбоорлоруна бөлүнгөн акчанын ичинен 105,2 млн. сом сарамжалсыз пайдаланылганын аныктап чыкты. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Тактап айтканда, "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1" долбоору (2013-2019-жылдарга долбоорду ишке ашыруу каралган) боюнча акча айрым туура эмес пайдаланылган фактылар табылган.
Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жайыттарга мониторинг жүргүзүп, баалоо милдети тагылган 20 адис жана консультанттарга 5,9 миллион сом төлөнгөнү менен тиешелүү материалдар топтолбогону айтылды. Жайыттардын абалы, жайыттардын деградациясынын деңгээли жана аянты боюнча расмий маалыматтар жок болуп чыккан.
2017-жылдын 17-мартында Польша менен Кыргызстандын ветеринария жаатындагы келишимин ишке ашырууга 4,3 миллион сом жумшалганы менен, Финансылык туруктуулук боюнча колдонмо түрүндөгү макулдашылган жыйынтыктоочу документ жок болуп чыккан.
Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Ветеринардык палатанын операциялык чыгымдарына 10,4 млн. сом каржыланганы айтылганы менен иштин жыйынтыгы чеке жылытарлык болгон эмес.
"Ветеринардык палата финансылык жактан туруктуу түзүм катары түзүлбөй, ошондой эле бул долбоорго салым кошо алган эмес. Долбоордун алкагында жалпы суммасы 6,1 млн. сомго төрт даана транспорт каражаттары сатылып алынган", — деп жазылган маалыматта.
Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчилигинин функционалдык милдеттеринин кайталанышы жалпысынан 1,5 млн. сомдук айлыкты сарамжалсыз пайдаланууга алып келгени аныкталган.
"Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорунун алкагында (2019-2021-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) 2,8 млн. сом бөлүнгөнү менен долбоор айтылгандай ишке ашкан эмес. Анын ичинде 0,6 млн. сомго негизсиз эмгек акы төлөнүп берилген. "Улуттук суу ресурстарын башкаруу" долбооруна кошумча каржылоо (2020-2022-жылдарга долбоорду ишке ашыруу) боюнча 5,1 млн. сом жумшалганы менен долбоор максатына жеткен эмес", — деп билдирди Эсептөө палатасынан.