Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан элдеринин ассамблеясынын ХХXIІ сессиясын ачып жатып, президент Садыр Жапаровдун кыргыз-казак боордоштугу боюнча постуна комментарий берди.
"Жакында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-казак достугу тууралуу ырды жарыялап, пикирин билдирди. Биз тамырлаш, тагдырлаш бир тууган журтпуз. Кыйындыкты бирге жеңип, кубанычты бирге бөлүшүп, кыйла замандын кыйынчылыктарынан бирге өтүп келебиз. Улуу акын Абай (Кунанбаев – ред.) кыргыз менен казактын бир тукумдан экендигин талашпайлы деген. Мухтар Ауэзов "Манас" дастанын идеологиялык куугунтугунан куткарууга эбегейсиз эмгек сиңирген. Молдо Кылыч менен Чыңгыз Айтматовго өз боорундай арачы болгон. Бул эки элдин жакындыгын жана жанаша экендигин айкын көрсөтөт. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы окуялар менен кейипкерлер казак жергеси менен тыгыз байланыштуу. Ала-Тоону катар жайлаган, эгиз калк болочокко бирге кадам таштамакчы. Мен буга ишенем. Биз башка да боордош эл, мамлекеттер менен да карым-катышты ушундай деңгээлде жасашыбыз керек", — деген Токаев.
Кыргызстандын президенти Жапаров жакында "Казак-кыргыз арасы" аталышындагы ыр тууралуу пикирин билдирген.
"Мен бул ырды азыр уктум. Буга чейин уккан эмес экем. Кыргыз менен казактын жакындыгын даңазалаган бир далай эле ырларды, айтыштарды уккан элем, бирок бул ыр өзгөчө ыр экен. Эки элдин ажырагыс бир туугандыгын, тамыры, өзөгү бир эл экендигин даңазалап ырдашыптыр. Сөзү кыргыздыкы болсо, обону казактыкы экен. Казак менен Кыргыз — илгертен бери баштарына түшкөн көп-көп кыйынчылыктарды бирге жеңип келген бир тууган эл.
"Мен - казакпын, кыргыз ол — туусканым,
Бирге тарткан тарланның күйысканын.
Анамыз да кара көз бир кыз балким,
Бөлүп берген эгизге уыс нанын", — деп казак менен кыргыздын ким экенин бир куплет ырга сыйдырып койгон казак акыны, эл жазуучусу Жубан Молдагалиев болгон.
Кыргыз-казак бир туугандыгы түбөлүктүү болсун!", — деп жазган Садыр Жапаров.
"Казак-кыргыз арасы" ырынын сөзүн Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар Рыскулов, ал эми обонун Казакстан эл артисти, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Алтынбек Корозбаев жазган. Чыгарманы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Каныкей Раймалиева аткарган.
Тема боюнча: