Sputnik Литва агенттигинин шеф-редактору үй камагына чыгарылды

Журналист Евробиримдиктин Россияга карата экономикалык санкциясын бузган деп күнөөлөнүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Sputnik Литва агенттигинин шеф-редактору Марат Касем сыртка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жазды.
Сотко чейин Касем полициянын көзөмөлүндө болот. Саат 23:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин катталган жеринде, үйүндө болуп, жумасына эки жолу полиция бөлүмүнө келип турушу керек.
Журналист Евробиримдиктин Россияга карата экономикалык санкциясын бузган деп күнөөлөнүүдө. Алгач анын тыңчылыкка шектелип жатканы тууралуу маалымат тараган. Касем — Латвия жараны. Бир нече жылдан бери Москвада жашап, Sputnik Литва да кирген "Россия сегодня" медиатобунда иштейт. 2022-жылдын 30-декабрында үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Латвияга келип, полиция 5-январда кармаган. Ошол эле күнү соттун отуруму өтүп, адвокатынын күрөөгө бошотуу талабына карабай эки айга камакка алуу чечими чыккан.
Латвияда журналист Людмила Прибыльскаянын соту июлга жылдырылды