Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Украинага убада кылган жардамдын 98 пайызын берди

Башкы катчы НАТО даярдыкты соңуна чыгарып Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тогуздан ашык бригадасын курал менен толук жабдыганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. НАТО өлкөлөрү Украинага убада кылынган жардамдын 98 пайызын берди. Бул туурасында Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг айтканын РИА Новости жазды.
"Украинага убада кылынган аскер машиналарынын 98 пайызы берилди", — деген ал Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель менен бирге берген маалымат жыйынында. Ал НАТОнун сайтында түз эфир менен берилген.
Столтенбергдин маалыматына караганда, сооттолгон 1 550 автоунаа, 230 танка жана оңбогондой көп ок-дары жиберилген. Башкы катчы НАТО даярдыкты соңуна чыгарып Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тогуздан ашык бригадасын курал менен жабдыганын билдирди.
Россиянын тышкы саясат боюнча ведомствосунан НАТО өлкөлөрү "от менен ойноп жаткандыктарын" айтышкан.
Россия мурдараак НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы боюнча нота жиберген. Анда ТИМ башчысы Сергей Лавров Киевге келе жаткан кандай гана жүк болбосун Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя Батыш Киевге берген курал каяктан "калкып" чыга баштаганын айтты